Ысык Көл досторун чакырат 2023. Абдурахимов Нурел жеңүүчү болду https://www.facebook.com/100086120268169/posts/pfbid0yLn4aGtyw5bbHKon9Z5H4Kw4qvUcYgLBLP97YnMKaezAPriiijEjVgiCnxsPUFAgl/?app=fbl
Быйыл "Ысык-Көл досторун чакырат-2023" этно-карнавалына 400дөн ашуун бала чогулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлайт.
Иш-чара 7-июлдан 12-июлга чейин Ысык-Көлдө өтүп, ага Беларусь, Казакстан, Россия, Өзбекстан жана Кыргызстандын бардык аймактарынан келген балдар катышат.
Билим берүү жана илим министри бүгүн “Ысык-Көл досторун чакырат-2023” XIII Эл аралык этно-карнавалынын делегация өкүлдөрү менен жолугушту.
Министр өз сөзүндө этно-карнавал достуктун, маданий интреграциянын, тажрыйба алмашуунун башаты болгон эң сонун долбоор экендигин белгиледи.
“Чыңгыз Айтматов өзүнүн эң мыкты чыгармаларын Ысык-Көлдүн жээгинде жазган. Андыктан Ысык-Көл сиздерди сөзсүз шыктандырат деп ишенем", - деди ал.
Этно-карнавал президенттин “Улуттук каада-салт жөнүндө” жарлыгын аткаруу максатында Билим берүү жана илим министрлиги менен “Балажан” республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-методикалык борбору тарабынан уюштурулууда.
Этно-карнавалдын максаты – Кыргызстандын жана КМШ өлкөлөрүнүн этномаданий өзгөчөлүктөрүн изилдөө, жандандыруу жана сактоо, көркөм, музыкалык, вокалдык, хореографиялык таланттарды өнүктүрүү, балдардын достугун чыңдоо.