Абдыкадыр Орозбеков атынадгы №9 ото мектеби

МЕКТЕП ЖӨНҮНДӨ

Баткен облусу Кадамжай району А. Масалиев айыл аймагына караштуу Көн айылында жайгашкан N9 А. Орозбеков атындагы орто мектеби 1991-жылы 1-сентябрда пайдаланууга берилген. Мектеп имараты үч кабаттуу, типтүү болуп, сыйымдуулугу 704 окуучуга ыңгайлашкан. Мектептин жалпы аянты 2,6га. Мектепте ашкана, спорт зал, жыйындар залы жана ажаткана жайгашкан. Жалпы 28 окуу каанасы жана 2 лабораториялык каана бар.

Миссиясы
А.Орозбеков мектебинин миссиясы
КР нын конституциясынын жана КР нын "Билим берүү жөнүндө" мыйзамын негизинде КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жалпы билим берүү мектептери үчүн бекитилген окуу планына ылайык окутуунун инновациялык усулдарын колдонуу аркылуу, алган билимин турмушта колдоно билген, ар тараптан өнүккөн, атаандаштыкка жөндөмдүү, жеткиликтүү билимге ээ болгон инсанды окутуп ,тарбиялоо .
Көз карашы
А.Орозбеков мектептин көз карашы
Борбордук Азия чөлкөмүндө лидерликке умтулуу, илим, инновация жана билим берүү тармагында дүйнөнүн алдыңкы мектептери менен өз ара ортодогу кызматташтыкты кеңейтүү.
Окуу бөлүмдөрү
Lorem ipsum dolor sit amet.